촽ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Миссия, баалуулуктар жана максаттар

МИССИЯ, БААЛУУЛУКТАР ЖАНА МАКСАТТАР

Биздин Миссия

Борбордук Азиядагы Америка университетинин миссиясы гуманитардык илимдер салтында сынчыл ой жүгүртүүгө жана студентке багытталган окууга дем берүү. Биз интеллектуалдык изилдөө жана академиялык эркиндикти даңазалаган чөйрөдө жарандардын жана лидерлердин кийинки муунун тарбиялоо максатында инновациялык жана дисциплиналар аралык окуу программаларын, изилдөөлөрдү жана жарандык активдүүлүктү илгерилетүүгө умтулабыз.

Биздин Баалуулуктар

Борбордук Азиядагы Америкалык университети акыйкаттык менен адилеттүүлүктү издөөдө жоопкерчиликтүү эркин иш-аракеттерди баалайт. Биз чынчылдыкты, өзүнө сын
көз карашта жана урмат-сый менен мамиле жасоону баалайбыз. Биз ачык, көп түрдүү жана адилеттүү коомдун жөндүү таламдарын жана сыпайылыгын баалайбыз. Анткени
мындай сапаттар биз окуган жана жашаган аймакка шайкеш келген коомдун өнүгүүсү үчүн да зарыл.

Киришүү

БААУ Борбор Азия үчүн кызмат кылат. Аталган аймактын жарандары катуу кол бийликке көнүп калган айрым улуттук мамлекеттеринде демократиянын түйүлдүктөрү өсүп чыга
баштады. Биз адамдарда аймактын бай салттарын кабыл алууну өнүктүрүүчү жана аларды демократиялык өнүгүүгө ылайыкташтыруучу ыкмалар менен акыл түзүлүшүн
өнүктүрөбүз.


Биздин 2500 бүтүрүүчүбүздүн ийгиликтери менен сыймыктанып гана тим болбостон, университетибиздин өркүндөөнүн жаңы деңгээлине жетүүсүн камсыздоого багытталган
академиялык өнүгүү планын ишке ашырып келебиз. Биздин план университеттин көз карандысыз билим берүү мекемеси катары 10 жылдыгы белгиленген жылы ишке киргизилген.

Биздин өзгөчө белгибиз болуп стратегиялык жайгашуубуз эсептелет. Мында миңдеген жылдардын аралыгында Батыш менен Чыгыштын адамдары азыктары жана идеялары
менен алмашып келген. Биздин университет чакан болсо да, бирок интеллектуалдык эркиндик менен сын көз-карашта ойлонуунун кубаттуу кыймылдаткыч күчү болуп
саналат десек аша чапкандык болбос. Бул нерселер билим берүү процессин кайрымдуу, паракорчулуктан тышкары, инсандык-багытталган чөйрөдө өнүктүрүп келет.


Биз Борбор Азиянын жеке ишкерлик идеялардын өз-ара түшүнүшүүгө жана ишке ашыруудагы тарыхий ролун жогору баалайбыз. Студенттер менен профессордук-
окутуучулук курам билим алуу жана кыялдарын ишке ашыруу максатында бизге ар кандай 25 өлкөдөн келишкен. Алардын арасында Ооганстан, Кытай, Нидерланды,
Германия, Пакистан, Россия, Түштүк Корея, Америка Кошмо Штаттары жана Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү бар. Биз алардын динин, тилин жана келечекке болгон ой-
толгоолорун сыйлайбыз. Билимдерге ээ болуу эркиндиги чоң сыймык болгон мындай жаркын атмосферада биз социалдык кайра куруулар жана Эл аралык өз-ара түшүнүшүү
үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыгаруудабыз.


Келечек муундарга сын көз карашта ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрүн жана кайра куруулардын таасирин жайылтуу тармагындагы биздин өзгөчө экспериментибизди колдоо
максатында биздин академиялык билимдерибизди жакшыртуу максатын койдук. Ошентип, жакынкы 5 жыл аралыгында эмгегибиз ушул багытта жумшалат.

Биздин Максаттар
  • Борбордук Азияда гана эмес, бүткүл дүйнө боюнча гуманитардык, коомдук жана табигый илимдер, укук, бизнес, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө инновациялык дисциплинардык жана дисциплиналар аралык мамилелер менен мыкты бакалавриат жана магистратура билим берүү программаларын камсыз кылуу, жарандардын жана лидерлердин кийинки муунун калыптандыруу үчүн Борбордук Азияда гана эмес, бүткүл дүйнөдө маанилүү дүйнө жүзү боюнча.

  • Американын гуманитардык жана илимдер тармагындагы салттарынын негизинде студентке багытталган окутууну камсыз кылуу.

  • Коомдук пайдалуу жана коомчулукту өнүктүрүүгө салым кошкон изилдөөлөрдү чыгаруу жана жайылтуу.

  • Жергиликтүү, аймактык жана глобалдык деңгээлде жамааттарды алдыга жылдырган жарандык катышууну, коомчулукка негизделген окутууну жана жигердүү изилдөөлөрдү колдоо.

  • Борбордук Азиянын жана бүткүл дүйнөнүн социалдык, саясий жана экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

  • Борбордук Азия өлкөлөрү менен кеңири эл аралык коомчулуктун ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү.

  • Интеллектуалдык эркиндиктин, академиялык ак ниеттүүлүктүн жана сынчыл ой жүгүртүүнүн мунарасы катары кызмат кылуу, жогорку билим берүүдөгү инновациялык ыкмаларды шыктандыруу жана Борбордук Азиядагы жана дүйнөдөгү тез өзгөрүп жаткан чөйрөдө өсүп-өнүгүү үчүн келечек муунду даярдоо.

  • Университеттин студенттерине жана окутуучуларына билим берүү жана изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбага, технологияга жана билим берүү ресурстарына жетүү үчүн Борбордук Азиядагы жана дүйнө жүзү боюнча алдыңкы билим берүү жана илимий мекемелер менен өз ара пайдалуу мамилелерди сактоо жана өнүктүрүү.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028