촽ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Математика боюнча Олимпиада

Математика боюнча Олимпиада

БААУ Кыргызстандын 10-11-класстарда окуган кызыкдар окуучуларынын баарын жыл сайын өтүүчү жазгы математикалык олимпиадага катышууга чакырат.

Олимпиада үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде БААУнун имаратында өтөт

Байгелүү орундарды ээлеген жана финалга өткөн окуучуларга сыйлыктар жана эстелик белектери тапшырылат.

Олимпиаданы жеңген жана экинчи орунду ээлеген окуучулар үчүн эгер ал 2022-жылы БААУнун кийинки адистиктеринин бирине тапшырса, төмөнкүдөй арзандатуулар берилет: “Колдонмо математика жана информатика” – 100%, “Программалык инженерия” – 90% жана “Экономика” – 80%.

Маселелердин мисалдары:

Олимпиаданын катышуучулары төмөндөгү форманы толтуруп, катоодон өтүүсү керек. Ошондой эле төмөндө берилген инструкция боюнча каттоо взносу катары 200 сом өлчөмүндө төлөм киргизүүсү кажет:

Олимпиаданын катышуучуларына катышкандыгы үчүн төлөө үчүн

KISB банктын терминалы аркылуу

Окуу жайларына төлөө-БААУ-Тандаңыз: SSC кабыл алуу сынагы-Төлөмдүн багытына МАТ деп көрсөтүңүз жана олимпиаданын катышуучусунун аты-жөнүн жазыңыз. Мисалы: МАТ IVAN IVANOV

Төлөмдүн суммасын киргизиңиз (терминал кайтарым бербейт). Маалыматтардын тууралыгын текшерип, төлөмдү тастыктаңыз. Бирдиктүү тейлөө борборуна баш багып (234-кабинет), чекти БТБнын агентине көргөзүңүз же service@auca.kg дарегина “МАТ” темасын жазып, билдирме жазып жөнөтүңүз.

Төлөмдөргө байланышкан суроолор боюнча 0312 915-000 номерине кайрылыңыз (кошумча номур 286). Бул жерден KISB терминалдарын картадан көрүп алсаңыз болот.

KICB терминалдары картада:

Катоодон өтүү үчүн жеке Google аккаунтка кирип, төмөндөгү форманы толтуруу керек. Же болбосо бул шилтеме аркылуу өтүңүз.

Mathematical Contest 2023

Олимпиадага каттоо 14-мартта саат 00:00дө башталып, 30-март күнү саат 18:00дө аяктайт.

Каттоодон өткөндөн кийин аппликантка олимпиада тууралуу маалымат ал көрсөткөн электрондук дарегине жөнөтүлөт.

ОЛИМПИАДАГА КАТТОО 30-март саат 18:00дө ЖАБЫЛАТ.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028