Казакстан Республикасынын улуттук китепканасынын кызматкерлери БААУда
2026-жылдын 17-19-июнь күндөрү Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын консервация, реставрация жана китепти мукабалоо бөлүмүнүн кызматкерлери эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуу меморандумунун алкагында Борбордук Азиядагы Америка университетине иш сапары менен келишти.