Каржылык жардамга билдирмелерди берүү мөөнөттөрү
29&Բ;июня&Բ;2026

БААУга тапшырууну жана каржылык жардамга билдирме берүүнү пландап жатасызбы? Аны белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей жөнөтүүнү унутпаңыз.
- Эгерде сиз БААУнун кабыл алуу сынактарын 4-июлда тапшырсаңыз, каржылык жардамга билдирмени 1-июлга чейин бериңиз
- Эгерде сиз БААУнун кабыл алуу сынактарын 26-июлда тапшырсаңыз, каржылык жардамга билдирмени 15-июлга чейин бериңиз
Сиздин келечегиңиз бир гана билдирмеден башталат! Каржылык жардамга өз убагында билдирме берип, БААУдагы билим алууну дагы да жеткиликтүү кылыңыз.
Бакалавриат программалары үчүн каржылык колдоо тууралуу бардык маалымат биздин сайтта жайгаштырылган: .
Ошондой эле бул жерден сиз 2026-2027-окуу жылына карата материалдык абалды эске алуу менен берилүүчү арзандатууга арыздын формасын жана керектүү документтердин тизмесин таба аласыз: .
Каржылык колдоо алууга байланышкан бардык суроолор боюнча Каржылык колдоо жана стипендиялар кеңсесине кайрылсаңыз болот:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg