촽ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Багыт алуу программасы 2026нын биринчи аптасы жыйынтыкталууда

21&Բ;августа&Բ;2026

Биринчи курстун студенттери кампусту өздөштүрүшүүдө, бири-бири, ыктыярчылар жана окутуучулар менен таанышышууда. Аптанын маанилүү окуяларын эскерели.

Биздин студенттердин күнүнүн көп бөлүгү академиялык сабактарга арналат. Алар БААУнун базалык гуманитардык даярдоо программасыын бир бөлүгү жана First-Year Seminar курсунун алдында милдеттүү баскычы болуп эсептелет.

Сабактардан тышкары БААУнун кеңселеринин бет ачарлары өтүп, фрешмендер университеттин бөлүмдөрү эмне менен алектенерин жана алар менен кантип өз-ара аракеттенүү керек экендигин билүүдө. Бул аптада Медициналык кеңсенин, Консультациялык кызматтын жана Маалыматтык технологиялар департаментинин бет ачарлары орун алды. Студенттер Административдик кызматтар борбору, Окуу бөлүмү жана китепкананын кантип иш алып барарын билишти.

Биринчи курстун студенттери БААУнун кайталангыс духу – "Unique Spirit" жана ал жашаган кеңсе – Студенттердин сабактан тышкаркы иштери боюнча кеңсе менен таанышышты. Мындан сырткары, фрешмендер көйгөйлүү кырдаалдарда эмне кылуу керектигин жана окууда кыйынчылыктар жаралса, кайда кайрылууну билишти. Бул тууралуу Академиялык кураторлук борборунун жана Кат жана академиялык ресурстар борборунун (WARC) өкүлдөрү айтып беришти.

Фрешмендер долбоорлор жана кыялдар реалдуулукка айлана турган өзгөчө мейкиндик – “Мейкерспейс” Окутуу жана дизайн борбору менен таанышууда.
Багыт алуу программа өзүнүн экваторунан өтүп калды, бирок алдыда дагы көптөгөн маанилүү жана кызыктуу иш-чаралар күтүүдө. Университеттин социалдык тармактардагы баракчаларынан жаңылыктар менен окуяларды күзөтүп барыңыздар жана Студенттердин сабактан тышкаркы иштери боюнча кеңсесинин Instagram баракчасына катталууну унутпаңыздар: @studlife_auca.

<< Назад к списку