ЧИЙ СОГУУ — кыргыздардын салттуу кол өнөрчүлүгү боюнча мастер-класс
12&Բ;января&Բ;2026

Сиздерди чий согуу боюнча уникалдуу мастер-класска чакырабыз. Чий согуу кыргыздын байыркы кол өнөрчүлүгү болуп, кылымдар бою боз үй тигүү, тосмолорду жана орнаменттүү паннолорду жасоодо колдонулуп келген.
Бул жөн гана кол өнөрчүлүк эмес, бул маданияттын тили. Анда ар бир сызык жана оймо-чиймелер көчмөндөрдүн жашоо-турмушу, табияты жана жалпы эле кыргыз элинин дүйнө таанымы жөнүндө айтып берет.
Мастер-класста сиз:
• чийдин тарыхы жана символикасы тууралуу билесиз
• чий согуу процессин өз көзүңүз менен көрөсүз
• салттуу оймо-чиймелердин жеке фрагментин жаратып көрөсүз
• кыргыз маданиятынын жандуу мурасына кол тийгизесиз
14-январь 2026-жыл
12:00 – 14:00
БААУнун форуму
Мастер-класс маданият, искусство жана салттарга кызыккандардын баары үчүн ачык.
Тажрыйбанын бар же жок болуусу маанилүү эмес - мураска кол тийгизип көрүү каалоосунун болуусу маанилүү
Афишадагы QR-код боюнча катталыңыз.
Салттарды бирге кайра жаратабыз.