촽ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Илимий конференция: «Борбордук Азияда интеграция жана байланыш үчүн санариптик жолдору»

30&Բ;октября&Բ;2025

С5+1 Жаштар Кеңеши «Борбордук Азияда интеграция жана байланыш үчүн санариптик жолдору» темасында илимий конференциясын өткөрөт. Конференцияда С5+ Жаштар Кеңешинин бүтүрүүчүлөрү жаш ишкерлер, жарандык коом уюмдары жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү арасында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында чек ара аралык санариптик инфраструктураны колдонуу жана регионалдык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишке ашырылуучу саясаттарды сунуштап, маалымдуулукту жогорулатууга багытталган өз изилдөөсүн сунушташат. Конференция 2025-жылдын 1-ноябрында саат 13:00дөн 16:00гө чейин Борбордук Азиядагы Америкалык университетте, 4-кабаттагы конференц-залда өтөт. Кирүү акысыз.

Иш-чара ачык форматта жана гибрид түрүндө өтүп, катышуучуларга өз ойлорун, сунуштарын жана пикирлерин бөлүшүүгө жана сунушталган изилдөөнү байытууга мүмкүнчүлүк берет. Университет студенттери, академиялык жана жашизилдөөчүлөр, жаңыдан иш баштаган ишкерлер, карьерасын жаңы баштаган адистер, жеке сектордун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле санариптик инноваторлор изилдөөнү сунуштоого чакырылат.

«Биздин изилдөө Борбордук Азиядагы регионалдык интеграцияны өнүктүрүү максатында мамлекеттик мекемелер жана эл аралык уюмдар үчүн саясаттык жол көрсөтмө катары кызмат кылат деп үмүттөнөбүз. Мындан тышкары, бул изилдөө, айрыкча регионалдык интеграция жаатында, мамлекеттер аралык соода жана дипломатия аркылуу жүргүзүлө турган келечектеги изилдөө долбоорлору үчүн маалымдама катары кызмат кылат деп ишенебиз », - деди долбоордун жетекчиси жана C5+1 Жаштар кеңешинин бүтүрүүчүсү, Тажикстандан келген Акмалжон Ахмеджонов.

Изилдөө Борбордук Азиянын өкмөттөрүнүн жана мекемелеринин жаш ишкерлер туш болгон экономикалык жана саясий тоскоолдуктарды, айрыкча санариптик инфраструктураны жакшыртуу аркылуу, колдоочу стартап экосистемасын түзүү үчүн кантип аракет кылуу керектигин түшүндүрөт. Мындан тышкары, изилдөө региондогу жаш санарип ишкерлерди колдоонун экономикалык пайдасын максималдатуу үчүн ишке ашырууга мүмкүн болгон стратегияларды изилдейт.

С5+1 Жаштар Кеңеши жөнүндө

C5+1» Жаштар кеңеши долбоору Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

«С5+1» Жаштар кеңешинин максаты – Борбордук Азия боюнча активдүү жана англис тилинде сүйлөгөн, «С5+1» программасынын артыкчылыктарын илгерилетүү боюнча иш алып барган жаш лидерлердин регионалдык тармагын өнүктүрүү.

«С5+1» Жаштар Кеңеши АКШ менен Борбор Азиянын (C5+1) биргелешкен максаттарын C5+1 платформасында чыңдоого көмөктөшөт. Кеңештин мүчөлөрү жана бүтүрүүчүлөрү C5+1 платформасынын тынчтык жана коопсуздук, экономикалык өсүш, энергетика жана айлана-чөйрө, адамдар аралык байланыштар боюнча максаттарына ылайык келген жаштар жетектеген долбоорлорду ишке ашырышат.

«С5+1» Жаштар Кеңеши — Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстандагы жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн ар түрдүү жана көп маданияттуу топ.

Жыл сайын Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана Ооганстандан жергиликтүү университеттердин студенттеринин арасынан жаңы мүчөлөр (жүзмө-жүз жана онлайн форматта) тандалып алынат. Ачык конкурс төмөнкү этаптардан турат: анкета карап чыгуу, маектешүү, улуттук ар түрдүүлүктү эске алуу жана Жаштар Кеңешинин максаттарына болгон чын ыкластуу кызыгуу.

Азыркы учурда «С5+1» Жаштар Кеңешинин курамында 186 бүтүрүүчү жана 49 учурдагы мүчө бар.

ЖМК өкүлдөрү байланышуу үчүн:

Айзада Нурадильева

C5+1 Жаштар Кеңешинин PR-адиси

Email: nuradileva_a@auca.kg

<< Назад к списку