Квадраттык теңдемелерге жаңы көз-караш: БААУда усулдук сабак
29&Բ;сентября&Բ;2025
Жаңы окуу жылынын башталышы менен БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана Колдонмо математика жана информатика департаменти орто мектептердин мугалимдери үчүн усулдук сабактарды жандандырды. Сабактар Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Өткөн аптада биринчи сабак орун алып, анын темасы квадраттык теңдемелер болду. “Квадраттардын ар түрдүүлүгү жөнүндө кезектеги жолу” бет ачарында БААУнун Колдонмо математика жана информатика факультетинин профессору Сыргак Кыдыралиев кезинде Диафант, ал-Хорезми, Фибоначчи жана башка улуу математиктер пайдаланган квадраттык теңдемелерди чечүүнүн ыкмалары тууралуу кенен айтып берди.
Бет ачардын башында мындай теңдемелер Байыркы Вавилондо ийгиликтүү чечилип келгени белгиленди. Буга жер тилкелеринин аянтын табуу, аскердик курулмаларды курууга жана ошондой эле астрономия менен математиканын өнүгүүсү менен байланыштуу болгон. Квадраттык теңдемелерди чечүүнүн XVII кылымда калыптанган чечүү жолдору ага чейинки ыкмалардын баарын жокко чыгарган. Алар бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келет: аларды колдонуу кадимки маселелерге жаңыча көз-караш менен кароого, мугалимдер менен окуучуларга теңдемелерди чечүү шаймандарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бирок Сыргак Капарович ар кандай татаалдыктагы бир нече маселелерди карап чыгууну сунуштады: аянтты эсептөө, арифметикалык прогрессия, логарифмалардын комбинаторикасы, олимпиадалык жана жогорку математиканын маселелерин. Сунушталган ыкма маселени “жеңилдетет”: жада калса оор квадраттык теңдемелер оңой чечмеленет жана окуучулардын стандарттык каталарын кетирбөөгө өбөлгө түзөт. Каралган бардык маселелер квадраттардын ар түрдүүлүгүн чечүү процессинде чечүүчү элементке ээ болушкан.
Сабактын соңунда Сыргак Капарович “Математика 5 жана Матемктика 6 окуу куралдарына окуу жана усулдук материалдар” методикалык колдонмосун тартуулады. Бул окуу пособиелери электрондук форматта жеткиликтүү.
- http://dspace.auca.kg/handle/123456789/2861 – орус тилинде
- http://dspace.auca.kg/handle/123456789/2862 – кыргыз тилинде
Математика мугалимдери чектелүү нускада жарык көргөн “Жандуу математика 7-класс” китебин акысыз алышты.
Методикалык пособиелерди даярдоого Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетова жана БААУнун улук окутуучусу Елена Буровалар катышты.
Кезектеги сабак октябрь айында өткөрүлөт.