Эрика Абдраева The University of Hong Kong окуу жайында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду
28&Բ;апреля&Բ;2025
Мен, Эрика Абдраева, БААУнун алмашуу программасынын негизинде TheUniversity of Hong Kong окуу жайында билим алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Тандап алуу процесси бир нече баскычтардан турду – документтерди тапшыруу, ички тандоо, номинациялар жана кабыл алуучу университет менен өз алдынча байланышуу. Документтердин даяр болуусу кечиккендигине байланыштуу пландаштыргандай жазында эмес, а күзүндө бардым. Бул жакта билим алуу мен күткөндөн да интенсивдүү болуп чыкты. Лекция менен семинарлардан тышкары дебаттар, долбоорлор, форумда талкуулар каралган. Бул көп күч-аракеттерди талап кылат, бирок процессти кызыктуу жана ар тараптуу кылат.
Менин тажрыйбамдын эң жаркын бөлүгү Гонконгдун өзү болду. Мага шаар кыдырып, жаңы көчөлөрдү ачуу менен жашоону күзөтүп сейилдөө абдан жагат. Бул шаар жаңы нерселерди изилдөөгө шыктандырат.
Көнүшүү оңой болгон жок: менин көнгөн жашоо образым өзгөрдү - климаттан тарта тамактанууга чейин. Ошого карабастан мен белгисиздик менен күрөшүүнү жана өзүмө кам көрүүнү үйрөндүм. Бул менин бул жакта тапкан баалуу нерсем десем жаңылышпайм.
Менин башкы кеңешим – өзгөрүүлөрдөн коркпогула. Бул жөн гана билим алуу эмес, бул башкача жашоо мүмкүнчүлүгү. Эгер силерде чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүгү жаралса, анда мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла!