촽ֱ

Гаджеттерсиз бир күн

Гаджеттерсиз бир күн

30&Բ;апреля&Բ;2024

25-апрелде БААУнун китепканасында “Гаджеттерсиз бир күн” орун алды. Иш-чаранын катышуучулары көп убакытка телефон менен интернетти колдонуудан баш тартып, бош убакытты пайдалуу өткөргөнгө аракет жасашты. Саамалыкты уюштурууга БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору да катышты.

Китепкананын кызматкерлери бир катар локацияларды даярдашкан. Алардын ичинен чоң кызыгууну ретро-буюмдардын көргөзмөсү жаратып, анда тартууланган керосин чырактар, пленкалык фотоаппараттар, эсептер, кассеталуу магнитофон, дискеталар эч кимди кайдигер калтырган жок. Иш-чаранын катышуучулары китепкананын жаңылыктары менен таанышуу, стол үстүндө ойнолчу оюндарды ойноо, чыгармачылык менен алектенүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Мисалы өз колдору менен китептер үчүн тасмаларды жасоо.

БААУнун “Адабий клубу” жөнүндө анын куратору, Жаңы муун академиясынын улук окутуучусу Хуршедшо Конунов айтып берди.

Green AUCA программасынын координатору Маргарита Лазуткина гаджеттердин көйгөйүнө өзгөчө кароону сунуштады - туруктуу бекем өнүгүү жана утилизациялоо жактан. Мисалы сиз планетабыздагы гаджеттердин саны адамдардын санынан ашып түшөрүн билесизби? Алсак, 2022-жылы адамзат 62 миллион тонна электрондук калдыктарды өндүрсө, 2050-жылга карата мындай көрсөткүч 120 миллион тоннага жетет. Бүгүнкү күндө жалпы таштандылардын 20% гана кайра иштетилет. Бир тонна кайра иштетилген уюлдук телефондордон 16 тонна жез, 350 килограмм күмүш, 34 алтын жана 15 килограмм палладий өндүрүп алса болот. Демек, мындан башкы тыянак - бул электрониканы эффективдүү түрдө колдонуу жана телефонду жыл сайын сатып ала бербөө.

Электрондук ресурстар боюнча адис Мадина Керимова соңку 30 жылда китепканалардын иши кантип өзгөргөнүн айтып берди: кол менен толтурулган кагаз формулярлардан тарта электрондук каталогдорго чейин.

Албетте бүгүнкү күндө уюлдук телефон, компьютер жана башка гаджеттерсиз мүмкүн эмес. Көпчүлүк үчүн бул баарлашуу жана убакытты көңүлдүү өткөрүү. Жада калса кээ бирлер үчүн бул жумуш дагы болуп эсептелет. Ошентсе да, кээде алардан алаксып, көп түрдүү реалдуулуктардан турган бизди курчап турган айлана-чөйрөгө көз чаптыруу максатка ылайык болот.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028