촽ֱ

Кара-Жыгач токойчосунун кайра жаралуусу

Кара-Жыгач токойчосунун кайра жаралуусу

26&Բ;апреля&Բ;2024

#экопарк#шамшиев#чынгыз.шамшиев#каражыгачтокойчосу#жаб#elmgrove#chingiz.shamshiev##sustainable_auca##cce

Кара-Жыгач токойчосунда салтка айланган бак отургузуу боюнча кезектеги акция болуп өттү. Анын уюштуруучусу – БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору. Ал БААУда жылына 2 ирет апрель жана октябрь айларында өтүүчү “Жашыл айдын” алкагында ишке ашырылууда.

Бул ирет 200дөн ашуун бак жана бадалдар отургузулду – кызыл карагайлар, четиндер, липалар, алмалар, лигиструмдар. Акцияга 100дөн ашуун киши катышты – БААУнун студенттери, №67 мектептин окуучулары жана шаар тургундары.

БААУнун вице-президенти, башкы аткаруучу директору Чынгыз Шамшиев белгилегендей, “Кара-Жыгач токойчосу” экопаркы долбоорун ишке ашыруу мезгилинде жалпысынан 10 000ден ашуун бак-дарактар менен бадалдар отургузулуп, токойчонун экосистемасы калыбына келип, бир кыйла алга жылуулар байкалууда. “Биз бүгүнкү күндө кабылган негизги көйгөйлөр - бул биринчиден вандализм. Айрым уяты жок жарандар тосмолорду талкалап, парктын аймагына таштандыларды ыргытышууда. Экинчи маселе - бул сугаруу үчүн суунун жетишсиздиги. Учурда биз паркта ирригация боюнча инженердик долбоорду иштеп чыгуудабыз. Буюрса жакынкы жылда мындай долбоорду ишке ашырабыз жана парктын экосистемасын жакшыртабыз деген үмүттөбүз”,- деп билдирди Чынгыз Шамшиев журналисттерге.

Эске салсак, Кара-Жыгач токойчосу Бишкектин аймагындагы эң байыркы парктардын бири. Ал 1881-жылы окумуштуу-багбан, Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Алексей Фетисов тарабынан негизделген. 100 жыл убакыт өткөң соң өткөн кылымдын 90-жылдарына карата парктын аянты 215 гектарга жеткен. Тилекке каршы 90-жылдардын аягында мыйзамсыз бак кыюулардын, жерлерди басып алуулардын айынан токойчонун аймагы дээрлик эки эсеге кыскарган.

2018-жылы Бишкектин мэриясы, Борбордук Азиядагы Америка унвиерситети жана Франко-Кыргыз Экотуризм ассоциациясы (AFKE) “Кара-Жыгач токойчосу” экопаркы долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен макулдашууга жетишишкен. Долбоор ишке ашырылып келаткан 6 жылдын аралыгында көп нерселер жасалды: бак-дарактарды кыюулар токтотулду, жылына 2 жолу жаңы бак-дарактар менен бадалдар отургузулат, парктын экосистемасы калыбына келтирилип, бул жакка сейрек канаттуулар менен жаныбарлар кайтып келүүдө. Ал эми парктын эс алуучулары үчүн эс алуу аймактары даярдалган: отургучтар орнотулуп, сейилдөө үчүн жолдор жасалган.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028